Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

БУУ башкатчысы Түндүк Кореяга барат


Пан Ги Мун.
Пан Ги Мун.

Пан Ги Мун Түндүк Кореяга ушул аптада барарын Түштүк Кореянын медиасы кабарлоодо.

Бул бейрасмий маалыматтарга караганда, БУУ башкатчысы Пхеньяндагы сапары учурунда Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен кездешүүсү мүмкүн.

Быйыл май айында Түндүк Корея Пан Ги Мундун сапарын ал Пхеньянга барардан бир күн мурда токтотуп койгон.

Түндүк Корея өзөктүк сыноолорунан улам БУУнун, Евробиримдиктин, АКШнын санкцияларына кабылууда.

Эгер визит чын эле ишке ашса, бул БУУ башкатчысынын Түндүк Кореяга 1993-жылдан бери алгачкы ирет барышы жана мурда Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлик кызматын аркалаган Пан Ги Мун БУУнун Пхеньянга барган үчүнчү гана башкатчысы болот.

Ага чейин 1993 –жылы Пхеньянга БУУнун ошол кездеги башкатчысы Бутрос Бутрос Гали келип кеткен. (UE)

XS
SM
MD
LG