Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Бишкекте топозчулукту өнүктүрүүгө багытталган жыйын өтүүдө


Бишкекте “Топозчулукту өнүктүрүү – тоолуу аймактардын жашоочуларынын социалдык абалын жана турмушун жогорулатуунун негизи”, деген аталыштагы илимий-практикалык жыйын өтүүдө. Улуттук илимдер академиясынан кабарлашкандай, ага Монголия, Кытай, Казакстан жана Тажикстандан келген окумуштуулар катышууда.

-Топоздон алынган продукцияны кайра иштетүү маселеси азыр актуалдуу болууда. Окумуштуулар асыл тукумдаштыруу жана кунарын көтөрүү менен алектениши керек. Малчылардын ишин илим менен айкалыштырып, өнүмдүүлүгүн жогорулатуу зарыл, – деди Биотехнология институтунун директору Асанкадыр Жунушев.

Кийинки жылдары өлкөдө топоз баккандар арбып баратат. Бирок анын тукуму майдаланып, мамлекеттик деңгээлде асылдандыруу маселеси чечилбей келүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG