Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Казакстан менен Британия кызматташуу келишимине кол койду


4.6 млрд. долларга бааланган контракттарга кол коюлгандан кийин казак президенти Нурсултан Назарбаев 4-ноябрда Улуу Британиянын пашайымы Елизавета 2-менен жолугушту.

Соода кызматташтык боюнча келишимдерге кол коюудан соң британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон эки мамлекетти “өнүп-өсүүдө өнөктөш” катары көрөрүн билдирди.

Британ активисттери өкмөт ишкерлик кызыкчылыкты адам укугунан жогору коюп жатканын айтып премьер-министрдин иш-аракетин сындашты. Өз кезегинде британ өкмөтүнүн өкүлдөрү Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда адам укуктарына байланыштуу да маселе көтөрүлгөнүн билдиришти.

Британиядан кийин казак президенти Францияга сапар алат. (AiT)

XS
SM
MD
LG