Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Ошто муктаж балдар үчүн кайрымдуулук жармаңкеси өтүүдө


Уюштуруучулардын бири Люцина Баратованын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн шаардагы “Изюм” кафесинде дүкөндөр, интернет дүкөндөр, сулуулук салондору, кондитерлер жана башка ишкерлер түрдүү кызматтарды арзан баада сунушташат. Жармаңкенин алкагында жаш энелер үчүн акушер-гинекологдор жана психологдор кеңеш берүүдө. Мындан сырткары күзгүгө жана кагазга сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар уюштурулган.

Бул акцияны Ош шаарындагы жаш энелер уюштурууда. Жармаңкеге катышкан ишканалардын ар бири миң сомдон мүчө акы төлөп берди. Андан чогулган акчага шаардагы “Малютка” балдар үйүнө жана Нариман айылындагы жетим балдардын интернатына кийим жана идиш жуучу каражаттар сатылып берилет.

“Малютка” балдар үйүндө кароосуз калган 20 бала, ал эми Наримандагы ата-энесиз балдар интернатына 60тай балдар тарбияланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG