Жыл башынан бери Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында уюшкан кылмыштуу топтун 66 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынан кабарлашты. Ал эми өлкө аймагында жүздөн ашуун адам колго түшкөн. Алардын баары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Иликтөө иштери жүрүүдө.
Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор активдешип, ал тургай бийлик бутактарына чейин кызматка барганы коомчулукта сындалып келет. Парламенттик шайлоого катышкан партиялардын тизмесинде да андай адамдар бар экенин журналисттер жазып чыгып, айрымдарынын талапкерлиги алып салынган. (ErN)