Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Коргоо министринин мурдагы орун басарына дагы бир кылмыш иш козголду


Буга чейин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, коргоо министринин орун басары кызматынан алынган Нуркалый Жумабаевге карата дагы бир кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Ал былтыр өзүнүн жана жакындарынын кирешеси тууралуу декларацияны толтурганда ири сумманы жашырган, тагыраак айтканда, 5 жеңил машина, 2 батир, 2 үй жана 1 жер тилкеси бар экенин жазбай койгон деп айыпталууда. Кылмыш ишти УКМКнын Антикоррупциялык кызматы "мыйзамсыз байыган" деген берененин негизинде козгоду.

Нуркалый Жумабаев азыр УКМКнын тергөө абагында жатат. Сентябрь айында Аскер прокуратурасы ага карата алдамчылык жол менен мамлекеттен компенсация алган деген айып менен кылмыш иш козгогон.

Былтыр ноябрда ал министрликтин имаратынан чыгып баратып, бутун кокустатып алган. Полковниктин өз демилгеси менен кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, алынган жараат кызматтык травма катары бааланып, министрдин буйругу менен компенсация берилген. Бирок иликтөө бул каражат жасалма документ боюнча берилгенин аныктаган. (RK)

XS
SM
MD
LG