Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Талибдердин айрым күчтөрү Кабул менен сүйлөшүүлөргө караманча каршы


Ал тапта АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин колбашчысы Талибан жетекчилигиндеги пикир келишпестиктер алардын ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын ырастады. АКШ колбашчысынын ырасташынча, чаарбаш жикчил топтордун 70% жакыны расмий Кабул менен жарашуудан качпайт. Армиянын генералы Жон Кэмпбелл: ”Элдешүү сүйлөшүүлөрү уланат деп ойлойм. Бирок сүйлөшүүлөр үстөлүнө туура адамдарды отургузуу үчүн убакыт талап кылынат”,- дейт.

Ооганстандагы талибдер өкмөт менен мунасага келүү тууралуу быйыл июлда сүйлөшүүлөрдү баштап, бирок кийинчерээк топтун ана башы Молдо Омор өлгөнү маалым болгондон кийин байланышты токтоткон. Каза болгон талибдер жетекчиси ордуна сүйлөшүүлөргө Молдо Мансур тандалган. Бирок талибдердин арасындагы айрым күчтөр аны колдошпой, каршылыгын билдирип келатышат.

XS
SM
MD
LG