Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Өкмөт чарчы метри 600 доллардан ипотекага үй курат


Кыргыз өкмөтү “Жеткиликтүү турак-жай - 2015-2020” программасын аткаруу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Аталган программада мамлекеттик ипотекалык компания түзүү менен бюджеттик кызматкерлерди жана калктын аялуу катмарларын үй-жай менен камсыздоо каралган.

Мамлекеттик ипотекалык компания коммерциялык банктар аркылуу үстөк пайызы төмөн насыяларды берүү менен эконом класстагы турак-жайды курууну ишке ашырат.

Премьер-министр Темир Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асановдун ырасташынча, насыялар улуттук валютада12 пайыздык үстөк менен 15 жылга берилет.

Турак-жайдын баасы чарчы метрине 600 доллардан ашпайт. Шайлоого аттанган айрым партиялар элге 10 пайыз менен ипотека берүүнү убада кылышууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG