Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Президент ишкерлерди дүйнөлүк абройго умтулууга чакырды


Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандык бизнесмендерди дүйнөдөгү абройлуу ишкерликтин мыкты үлгүсү болууга жана активдүүлүккө умтулууга үндөдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын ишкерлердин кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоо катында айтылат.

Президенттин белгилешинче, биргелешкен аракет аркылуу гана экономикалык жактан күчтүү жана социалдык абалы мыкты мамлекет курулат.

Атамбаев ишкерлердин шартын жакшыртууга, алардын укуктук жактан корголушун камсыз кылып, легалдуу экономиканы бекемдөөгө мамлекет колунан келген аракетин жасайт деп убада кылды.

Расмий маалымат боюнча, учурда өлкөдө ички дүң өнүмдүн 40% чакан жана орто бизнес ишканалары камсыздоодо.

Көз каранды эмес эксперттердин белгилешинче, Евразия экономикалык биримдигине кошулуу жараяны кыргызстандык ишкерлерге азырынча чыгымдан башка эч пайда алып келе элек. Өкмөт башчы Темир Сариев жакында кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнүн дискриминациясына туш болуп жатканын айткан.

Кыргызстандык ишкерлер кесиптик майрамын жыл сайын 20-сентябрда белгилейт. (RK)

XS
SM
MD
LG