Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Жоголгон чек арачы үчүн жооптуулар жазаланды


Чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча командалык башкаруу курамы кызматтан бошотулду. Мындан тышкары "Карамык" тозотунун жеке курамы толугу бойдон алмаштырылып, 23-августта нөөмөттө турган аскерлер башка тозотторго которулду. Ички териштирүүнүн жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алынганын бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы "Карамык" тозотунда кызмат өтөп жүргөн жеринен 23-августта жоголгон жоокердин дагы эле дайыны чыга элек. Жарым айдан бери уланып жаткан издөө иштери азырынча натыйжасыз.

Мекеменин маалыматына ылайык, жоокер кар аралаш жамгыр жаап, туман түшүп турган учурда Түштүк Бокбашы ашуусуна кезметке чыккан бойдон кайра келген эмес. Ал жолунан адашып кетиш ыктымалдыгы айтылган.

Жоголгон жоокер 2014-жылдын күзүнөн бери Ош чек ара отрядына караштуу "Карамык" тозотунда кызмат өтөп жаткан. (SE)

XS
SM
MD
LG