Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Көркөм өнөр таануучу Майрам Юсупова дүйнөдөн кайтты


Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Майрамкан Юсупова 28-августта 76 жаш курагында каза тапты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Майрамкан Юсупова Ош облусунун Каракулжа районунун Биринчи май айылында, 1939-жылы 1-мартта туулган. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, 1967-жылы аспирантурада окуган. Өзүнүн иш тажрыйбасын Кыргыз ССР Илимдер Академиясында илимий кызматкерликтен баштаган, 2008-жылдан баштап министрдин чет ѳлкѳлѳр менен байланыштар боюнча кеңешчиси болуп иштеген. Буга чейин 1971-1977-жылдары СССРдин жана Орусиянын Жапониядагы элчилигинде жолдошу Ишенбай Абдразаков менен бирге кызмат ѳтѳгѳн. 1996-2008-жылдары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук кѳркѳм ѳнѳр музейин жетектеген.

Юсупованын күйөөсү, белгилүү коомдук-саясий ишмер, дасыккан дипломат Ишенбай Абдуразаков былтыр 24-апрелге караган түнү, 77 жаш курагында каза тапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG