Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Жон Керри Кубага кайра ачылып жаткан АКШ элчилигине туу саюу үчүн келди


АКШнын Гаванадагы элчилигинин имаратына али туу сайыла элек
АКШнын Гаванадагы элчилигинин имаратына али туу сайыла элек

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кубада 54 жылдан кийин кайра ачылып жаткан АКШнын элчилигине Американын туусун көтөрүү салтанатына катышуу үчүн келди. Ошондой эле ал Кубанын тышкы иштер министри, рим-католик чиркөөсүнүн динятчысы жана дисиденттер тобу менен кездешет. Делегациянын курамында Керринин жардамчыларынан тышкары, Конгресстин мүчөлөрү жана 1961-жылы элчилик жабылганда андан АКШнын туусун түшүргөн адамдар бар. Бир күндүк сапар АКШ мамлекеттик катчысынын 1945-жылдан берки биринчи визити болмокчу.

Ушундан кийин эки өлкөнүн дипломаттары экономикалык байланыштарды, атап айтканда, түз аба жана почта байланыштарын калыбына келтирүү боюнча иштеп башташат. АКШ Гавана менен дипломатиялык мамилени 1959-жылы бийликти коммунисттер басып алгандан кийин үзгөн.

XS
SM
MD
LG