Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Жулиан Ассанж эмки аптадан тарта эркин жүрө алат


Соңку үч жылдан бери бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап жүргөн Жулиан Ассанжга коюлган төрт айыптын үчөө кийинки бейшембиде күчүн жоготот. Бул тууралуу Швециянын прокуратурасы маалымдады. Швед мыйзамдарына ылайык, WikiLeaks интернет порталынын негиздөөчүсүнө тагылган айыптардын ичинен сексуалдык кысым көрсөтүү, чогуу жашоого мажбурлоо боюнча айыптардын мөөнөтү 17-августта бүтөт. Ал эми 18-август күнү жыныстык катышка мажбурлоо боюнча тагылган айып күчүн жоготот. Бирок төртүнчүсү – зордуктоо боюнча тагылган айыптын он жылдык күчү бар. Айрым байкоочулар Ассанждан бул айып деле алынып салышы ыктымалдыгын айтышууда.

Ассанж өзүн Швеция АКШга өткөрүп берип салышы мүмкүн деген чочулоо менен бир 2012-жылы июндан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде жашоодо. Айрым маалыматтар боюнча ошол убактан бери аны кайтарууга Лондон бийлиги 25 млн. доллар короткон.

АКШ Ассанжды Пентагондун, Мамлекеттик департаменттин, өкмөттүк башка мекемелердин жашыруун документтери менен кат алышууларын WikiLeaks сайты аркылуу жарыялап салганы үчүн күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG