Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Кыргызстанда арак менен тамеки импорту азаюуда


Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, акыркы бир жылда Кыргызстан аракты импорттоону 1,6 эсеге азайтты. Жыл башынан берки беш айда сырттан алып келинген арактын көлөмү 160,2 миң литр болсо, былтыр ушул эле мезгилде 261 миң литр болгон.

Ошондой эле бир жыл ичинде Кыргызстанга сырттан ташылып келген тамекинин көлөмү 1,5 эсеге азайган.

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларынын ичинде Кыргызстанга чет мамлекеттерден 2 млрд. 638 млн. даана тамеки ташылып келген. Өткөн жылы бул көрсөткүч 4 млрд. 149 млн. даана болчу.

Быйылкы жарым жылда Кыргызстан чет мамлекеттерге 201 млн. даана тамеки экспорттогон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG