Бул туурасында “Азаттыкка” өкмөттүн Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди. Губернатор кечээ Торугарт өткөрүү пунктуна жакын жерде жүк ташыган кыргыз-дунган айдоочулар өз ара чырлаша кеткенин айтты. Бүгүн окуянын чоо-жайын териштирген жыйында айдоочулар Кытайга барганда тил билбегендиктен ар кандай басмырлоолорго кабылып жатышканын, тил билген айдоочулар кытайлыктар менен менен сүйлөшүп, жүктүн баасын арзандатып жиберген учурларга нааразы экенин билдиришкен. Алар Кытайда айдоочулардын укугун коргой турган, кытай тилин билген өкүл зарылдыгын айтып, маселени чечип берүүнү суранышты. Аманбай Кайыпов чырлашкан айдоочулар менен сүйлөшүп, өкмөткө кат жолдоорун билдирди.
Буга чейин дагы дунган-кыргыз улутундагы айлдочулар арасында пикир келишпестиктер мушташууга чейин жеткен учурлар болгон. (AzK)