Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Ооганстанда талибдер ири аскер базаны басып алышты


Талибдер Ооганстандын түндүгүндөгү ири деп саналган полиция жана чек ара аскерлеринин базасын басып алышты. Алар жүздөн ашуун кароолчуну туткунга алганы кабарланууда. Атышуу учурунда бир нече полициячы өлгөн.

Бадахшандагы базаны талиптер үч күндүк атышуудан кийин басып алышкан. Жергиликтүү полициянын башчысы кишилери жана куралдары менен кошо талибдерге багынып берген.

Кабарчылардын айтымында, мындай көп сандагы аскер жана полициячылардын туткундалышы Ооганстандын башка жактарында талибдер менен күрөшүп жаткан аскерлерге моралдык жактан терс таасир тийгизиши мүмкүн.

АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскерлери Ооганстандан өткөн жылы чыгып кеткен. Ушул тапта анда АКШнын аз гана аскери турат.

XS
SM
MD
LG