Ички иштер министри Мелис Турганбаев ИИМдин коллегиясында сүйлөгөн кезинде жол коопсуздук кызматкерлерин "бир күндө талкалап, жок кылып коюу оңой, бирок аны кайра ордуна тургузуу оор" болорун эскертти.
Турганбаев премьер-министр Темир Сариев сунуштаган Грузиянын ыкмасын колдонуу жагын терең изилдеп көрүү керек экенин белгиледи.
“Жолдогу коопсуздук бир гана МАИ кызматкерлеринин күнөөсү эмес, мында кандайдыр бир деңгээлде айдоочулардын да айыбы бар”, - деди Турганбаев.
Премьер-министр Темир Сариев ИИМ коллегиялык жыйынында министрге МАИ кызматын реформалоо боюнча программаны даярдап келүү үчүн он күн убакыт берди. (AsA)