Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Британияда Курандын байыркы кол жазмалары табылды


Улуу Британия -- Бирмингем университетиенен табылган курандын байыркы кол жазмасы, 22-июль, 2015.
Улуу Британия -- Бирмингем университетиенен табылган курандын байыркы кол жазмасы, 22-июль, 2015.

Бирмингем университетинин архивинен кеминде 1370 жыл мурда жазылган болушу мүмкүн делген Курандын кол жазмалары табылды. Би-Би-Синин 22-июлдагы кабарына караганда, кол жазма 1920-жылдары Ирактан Улуу Британияга алып келинген коллекциянын бир бөлүгү, бирок анын байыркылыгы азыр гана белгилүү болуп отурат. Окуу жай окумуштууларынын радиокөмүртек аркылуу жүргүзгөн аныктамасы ал көөнө араб тилинде кой терисине жазылганын көрсөттү. Болжолдуу эсепке караганда, ал 568-645-жылдары жазылышы мүмкүн. Бирок көптөгөн окумуштуулар кол жазма 650-жылдарга таандык экенин боолгошууда.

Ислам ишеними боюнча, Мухаммед пайгамбарга Куран аяттары 610-632 жылдар аралыгында аян түрүндө түшкөн. Аяттар 650-жылдары бирдиктүү жыйнак болуп чыкканга чейин бөлөк-бөлөк жазылган.

Христиан жана ислам дини боюнча адис Дэвид Томас аны жазган киши Мухаммед пайгамбарды жакшы таанып, аны өз оозунан угуп жазган болушу ыктымалдыгын айтат. Бирок радиокөмүртек аркылуу жасалган аныктама кол жазманын жашын так аныктай албагандыктан бул баракчаларды байыркы деп ишенимдүү айтуу да кыйын.

XS
SM
MD
LG