Германия соту Египет бийлигинин өтүнүчү менен кармалган журналистти камакта кармоо чечимин чыгарды. Журналист ишемби күнү Берлиндеги Тегель аэропортунан Катарга учуп бараткан жеринен камакка алынган. Египет соту “Ал-Жазиранын” журналисти Ахмед Мансурду 2011-жылы Тахрир аянтында бир кишини кыйнаган деген айып менен сыртынан 15 жылга соттогон. Маалымат агенттиги да, журналист өзү да бул айыпты четке кагып келет.
Жекшембиде "Ал-Жазира" маалымат агенттигинин жетекчилиги Германиянын бийлигин Ахмед Мансурду токтоосуз бошотууга чакырып, эч бир өлкө Египеттин ММКларды кысмакка алуусуна жол бербөөгө тийиш деп, баса белгиледи.
Египет бийлиги “Ал-Жазира” телеканалын өлкөдө тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылына тилектеш деп айыптаган.