Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

“Ата Мекен” Жерүй кенин цианид менен иштетүүгө каршы болду


16-июнда Таласта “Ата Мекен” партиясынын облустук конференциясы болуп, анда Талас облусунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер көрсөтүлдү. Ошондой эле конференцияда Жерүй кенин иштетүү маселеси козголуп, көпчүлүк катышуучулар кенди иштетүүгө каршылык билдирген.

Партия лидери Өмүрбек Текебаев партиянын бул маселедеги позициясы тууралуу буларды билдирди:

- Кыргызстан цианидсиз өлкө болсун. Алтын иштетүүдө цианид пайдаланбасын деген чечим чыгарылды. Бул деген Жерүй иштебейт дегенди билдирет.

Текебаев ошондой эле жергиликтүү калк ичинде Жерүй Кумтөрдүн кейпин киет деген чочулоо көп экенин кошумчалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG