Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Былтыр 50 миң жумушчу орун түзүлдү


Бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында Борбор Азиядагы миграция маселесине арналган эл аралык конференция өтүүдө. Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков былтыр өлкө аймагында 50 миң жумушчу орун түзүлгөнүн белгиледи. Соңку үч жылда бул сан 350 миңге жеткирилери айтылды. Жээнбековдун белгилешинче, өкмөт жумуш орундарын түзүп, миграция агымын азайтууга аракет кылууда. Эмгек, жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айбек Азыранкуловдун белгилешинче, өлкө боюнча жумушсуздардын саны 200 миңден ашат.

Бүгүнкү жыйында мигранттардын, качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо маселеси талкууланат. Адам сатууга каршы мыйзам-жоболордун колдонулушу, эл аралык кызматташтыкты жандандыруу жаатында да пикир алмашуу болот. Иш-чараны Жогорку Кеңеш менен Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы бирге уюштурууда. Ага КМШ мамлекеттериндеги парламент депутаттары жана аталган ассамблеянын өкүлдөрү катышууда. (КE)

XS
SM
MD
LG