Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

31-майга карата аба ырайы


Каракол жаратылыш паркы
Каракол жаратылыш паркы

Чукул билдирүү:

31-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

31-майда жана 1-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгили-мезгили менен жаан нөшөрлөп жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Аба ырайы:

31-майда түнкүсүн айрым райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27;
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 15...20;
Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21.


Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градус болот.

XS
SM
MD
LG