Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

“Эмгек” менен “Бүтүн Кыргызстан” расмий бирикти


Бул тууралуу “Эмгек” партиясынын лидери, ишкер Аскар Салымбеков биргелешкен курултайда билдирди. Ал буга чейин биригүү тууралуу сүйлөшүү “Бир бол”, “Өнүгүү” сыяктуу башка партиялар менен да жүргөнүн, бирок алар менен мунаса табуу кыйын болгонун белгиледи. Курултайда Кыргызстандын биримдиги үчүн амбицияларды артка таштап, идеологияларды бир нукка багыттоо боюнча көз караштары төп келгендиги айтылды.

Буга чейин “Эмгек” менен “Өнүгүү” партиялары биригүү тууралуу сүйлөшүп жатканы айтылган. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” менен депутат Алтынбек Сулайманов түзгөн “Бир бол” былтыр күзүндө биригүү жараяны башталганы тууралуу биргелешкен билдирүү жасап, кийин сүйлөшүүлөр токтотулган.

“Эмгек” партиясын ишкер, “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков негиздеген. Ал эми Адахан Мадумаров башында турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы мурдагы парламенттик шайлоого катышып, өтпөй калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG