Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Пакистанда активист аялды атып кетишти


Карачи шаарында укук коргоочу Сабиин Махмудду атып кетишти. Ага 24-апрель күнү кечинде үйүнө кетип жаткан учурда унаада өтүп бараткан белгисиз кишилер ок чыгарышкан. Ал окуя болгон жерде көз жумган. Укук коргоочу менен чогуу бараткан апасы да жарадар болгон. Азырынча бул чабуулга эч ким жоопкерчилик ала элек.

Сабиин Махмуд The Second Floor кайрымдуулук корун жетектеп келген. Ал буга чейин да коркутууларга дуушар болгону кабарланган.

Укук коргоочу өзүнө кол салуу болгон күнү кеңсесинде жарандардын укугу тепселип жатканы тууралуу баяндама жасаган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG