Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайыз көбөйдү. Бул туурасында үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуу максатында бүгүн Бишкекте уюштурулган тегерек стол талкуусунда айтылды.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Айганыш Азисованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул коомдук илдеттин себептери үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына жана ички, тышкы миграцияга байланыштуу болууда.

Үй-бүлөдөгү зомбулуктун түрлөрүнүн 70 пайызга жакыны күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп саналат.

Ички иштер министрлигинин соңку маалыматына караганда 2015-жылдын эки ай аралыгында эле үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 500 кайрылуу болгон. 2014-жыл ичи 3100дөн ашуун факт катталган. (AzK\KE)

XS
SM
MD
LG