Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Бишкекте союлган эшектердин эти эсептелүүдө


Бишкекке жакын айылда эшек сойгон касапкана табылышы жана анда союлган эшектердин эти боюнча иликтөө иштери уланууда. Бул боюнча атайын соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысынын орун басары Ашырбай Жусуповдун "Азаттыкка" бүгүн билдиргенине караганда, союлган эшектердин эти акыркы эки күндөн бери эсептелип жатат. Бирок муздаткычка салынган эттер тоңуп, бири-бирине жабышып калышы саноо иштерине кыйынчылык туудурууда. Эшек сойгон "Кайтал" ишканасынын ээлери буга чейин союлган 601 эшектин эти Бишкекте атайын муздаткычтарда сакталып турганын айткан.

24-февралда КТРКнын журналисттери Сокулуктун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде жүздөгөн эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканын, эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Бирок эшек сойгондор эттин бир да килограммы Кыргызстанда сатылбаганын, ал түрк компаниясы менен келишимдин негизинде Гонконгго жөнөтүүгө даярдалып жатканын айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG