Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Кыргызстан адам укуктары боюнча Женевада отчет берет


Абдрахман Маматалиев
Абдрахман Маматалиев

Кыргызстандын коопсуздук тармагы боюнча вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев өкмөттүк делегация Женевада 19-январда адам укуктары боюнча улуттук баяндама жасаарын "Азаттыкка" тастыктады.

"Женевага чоң делегация болуп барабыз. Өкмөттүн өкүлдөрү, Башкы прокуратурадан, жарандык коомдон да барышат. Бул төрт жылда бир берилчү адам укуктары боюнча улуттук отчет" - деди Маматалиев.

Укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар Кыргызстанда сексуалдык, улуттук жана диний азчылыктардын укугу корголбой жатат деп бийликти сынга алып келишет. Алар акыркы убакта аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун көбөйүшүн, кыйноо фактыларынын кыскарбай жатышын өлкөдөгү адам укуктарынын корголбой жатышынын көрсөткүчү катары баалашат. (UEz)

XS
SM
MD
LG