Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Нигерияда "Боко Харам" өлчөөсүз кыргын салганы айгине болду


Сателиттен алынган сүрөттөр
Сателиттен алынган сүрөттөр

Сателиттен алынган сүрөттөрдөн Нигериядагы исламчыл топ өлчөөсүз кыргын салганы айгине болууда.

Эл аралык "Мунапыс" уюму өткөн аптадагы "Боко Харам" согушкерлер тобунун Нигериядагы эки шаарга койгон чабуулу «жүрөктүн үшүн алган» масштабда экендигин айгинелейт деп мүнөздөгөн сүрөттөрүн жарыялады.

Лондондо жайгашкан укук коргоо уюму бул сүрөттөрдөн Бага жана Дорон Бага шаарларына кол салууда «3700дөн ашык» турак жай толугу менен талкаланганын көрүүгө болоорун белгилейт.

Изилдөөчү Даниэл Айр эки шаардын бири төрт күн ичинде тыптыйпыл талкаланганын билдирди. "Мунапыс" уюму 3-январдан бери башка көптөгөн шаар-кыштактар да "Боко Харамдын" чабуулдарына туш келгендигин эскертүүдө. jch

XS
SM
MD
LG