Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Хорватияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө


Бүгүн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат жетиде башталган добуш берүү кечки саат жетиге чейин уланат. Шайлоонун экинчи айлампасына учурдагы президент Иво Йосипович менен анын атаандашы, консерваторлордун өкүлү Колинда Грабар-Китарович чыккан болчу.

Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Йосипович алгачкы турда берилген добуштардын 38,5 пайызын алган болсо, Грабар-Китарович андан бир пайызга кем добуш жыйнаган. Быйыл парламенттик шайлоо өтө турган Хорватияда бул президенттик шайлоо Йосиповичти колдогон солчул-центристтер үчүн да чоң сыноо. Азыркы президенттин экономикалык кризистер менен күрөшүүдөгү аракеттери сынга кабылууда.

Мурдагы тышкы иштер министри, «Хорватия демократиялык биримдиги» оппозициялык партиясынын өкүлү Грабар-Китарович 2011-жылдан 2014-жылга чейин НАТО баш катчысынын элдик дипломатия боюнча жардамчысы болуп иштеген.

Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 7де шайлооканалар жабылгандан кийин добуштарды саноо башталат. Шайлоонун алдын ала расмий жыйынтыктары кечки саат ондо белгилүү боло баштамакчы.

XS
SM
MD
LG