Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири эсептелген Оштогу Бабур атындагы өзбек драмалык театрынын түптөлгөнүнө 95 жыл толду. Ал 1918-жылы ачылган. 29-ноябрда юбилейлик дата театр имаратында белгиленди.
Аталган театрдын көрүүчүлөр залы 2010-жылдагы июнь калабасында өрттөлгөн. Чоң материалдык зыянга кептелген имарат донор уюмдардын колдоосу менен кайрадан ремонттолгон. Жапон өкмөтү берген 92 миң долларга заманбап техникалык каражаттар сатып алынган. (SE)