Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Литва газ боюнча Орусиядан көз карандысыздыкка умтулууда


Литванын Клайпеда портуна дүйшөмбүдө жаратылыш газын иштетүүчү “Эгемендик” деп аталган терминал келип токтоду. Үч футбол талаасындай чоңдуктагы суу кемесин Литванын президенти Даля Грибаускайте тосуп алып, бул терминал Балтика аймагы жана Литванын энергетикалык коопсуздугу үчүн өтө маанилүү экенин айтты.

Жаратылыш газын толугу менен Орусиядан сатып алып келген Литва келерки жылы бул терминалды Норвегиядан газ сатып алуу үчүн керектейт. Анткени суу терминалы Литвага 2015-жылдан тартып жылына 4 млрд. куб метр газ импорттоого мүмкүнчүлүк берет. Бул Орусиядан жыл сайын алынуучу 2,7 млрд. кубметр газга караганда алда канча көп. Ошондой эле терминал аркылуу иштетилген жаратылыш газы Балтика аймагындагы башка өлкөлөр – Латвия менен Эстонияга кошумча газ жеткирүүгө шарт түзөт. Латвия менен Эстония да Литва сыяктуу эле жаратылыш газы жагынан толугу менен Орусияга көз каранды.

XS
SM
MD
LG