“Ислам мамлекети” радикал уюшмасынын Кыргызстанга коркунучу тууралуу маселе ал уюмдун катарында кыргыз жарандары согушуп жүргөнү дайын болгон соң көтөрүлгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, учурда жүздөн ашык кыргыз жараны Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүрөт. Алардын сегизи мерт кеткени да кабарланган. Мындай маалыматтар коомчулукка дайын болгон соң кыргыз бийликтери бул уюмдун өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратарын моюнуна алышкан. Буга чейин Куралдуу күчтөрдүн Башкы Штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев “Азаттыкка” аталган топ Кыргызстан үчүн негизги тышкы коркунучтардын бири деп атаган:
- Коркунуч бар. Жок деп эч ким айта албайт. Бизден чоң өлкөлөр азыр эмне болуп жатканын көрүп жатпайбызбы. Алар Сирия менен Ирактын жарымын басып алышты. Алар аны менен эле чектелбей, Борбор Азияны басып алып, халифат куруу максаты бар. Бул эң чоң коркунуч, ал талиптерден да коркунучтуу. Буга алардын күчү да, аракети да бар. Анын үстүнө алардын катарында бизден чыккан жарандар да болуп жатат. Эгер алар келе турган болсо, алар бул жерде өз халифатын курууну гана көздөшөт.
Алымкожоев мунун алдын алуу үчүн диний радикалдашууга каршы күрөштү жандантып, Борбор Азия мамлекеттери биргелешкен аракеттерди көрүүгө тийиш экенин билдирген.
Ал эми Улуттук коопсуздук комитети Сириядагы согуштук аракеттерге үгүттөгөндөргө каршы иш күчөтүлгөнүн билдирген. Ошондой эле ИИМ республиканын бардык аймактарында экстремизм жана терроризмдин алдын алууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлгөнүн кабарлаган.
Анткен менен кыргыз бийликтеринин бул уюмга каршы эл аралык коалиция боюнча пикири белгисиз бойдон калууда. Өлкөнүн Коргоо кеңешинен бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
Ал эми Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков Кыргызстан эл аралык коалициянын бардык аракеттерин колдой турганын билдирүүдө. Анын айтымында, мамлекет өз чама-чаркына жараша антитеррордук өнөктүккө кошулуп, жардам көрсөтүшү керек:
- Эми бул өнөктүктү ар бир эле өлкө колдоп жатпайбы. Анын сыңары Кыргызстан деле бул операцияларды колдойт жана өз дараметине жараша көмөк көрсөтөт. Ал үчүн өз чек араларыбызды бекемдеп, мындай аракеттердин алдын алышыбыз зарыл болуп турат жана ички коопсуздукту бекемдөө бул күрөшкө кошкон жардамыбыз болот.
Кыргызстан буга чейин Ооганстандагы Талибан кыймылына каршы операцияларга катышкан. 1999-2000-жылдары “Өзбекстан Ислам кыймылынын” согушкерлери Баткен облусунун аймагына кирип келген соң ал кездеги бийлик АКШ баштаган антитеррордук коалицияга кошулган. Бул үчүн “Манас” аба майданында аскерий база уюштурулган. Аскерий базага Ооганстандагы талиптерге каршы операцияга катышкан учактарды кара май менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн. Ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков Кыргызстандын аскерий өнөктүккө катышуусуна себеп болгон жагдайларды мындайча санады:
- Ал учурда абал бир аз башкача эле. Биздин аймакка террорчулар басып киргенде президент Аскар Акаев эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылган. Бирок алгач көңүл бурулбай, качан гана АКШга коркунуч туулган соң силердики туура болчу турбайбы деп айтышкан. Ошон үчүн “Манастан” базага орун бергенбиз. Ал эми бүгүн абал башкача. Биз бул согушка түздөн-түз катышкан жокпуз да.
Ошондуктан Жанузаков Кыргызстан бул жааттагы ЖККУ, ШКУдагы өнөктөштөр менен кеңешип, анан эл аралык өнөктүк боюнча чечим кабыл алуу зарылдыгын белгилейт.
Дал ушундай эле пикирди Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов да колдойт:
- Бул коалиция боюнча биздин өнөктөштөрүбүз Орусия, Казакстан пикирин айта элек. Биз аларга караганда өз кыймыл-аракетибизди он эсе, жүз эсе тактап ойлонушубуз керек. Анткени, Сирияда, Иракта коопсуздуктан мурун саясий маселе да жогору болуп турат. Албетте, бул уюм биздин коопсуздукка коркунуч келтирет. Бирок аны менен кошо ички коопсуздукту сактоону ойлонуу зарыл.
АКШ баштаган НАТО мүчөлөрү жана Перс булуңундагы он Араб өлкөсү “Ислам мамлекети” уюшмасына каршы сентябрь айында коалиция түзгөн. Ага жакында Түркия кошулду. Коалицияга кирген өлкөлөр учурда жихадчыларга учактан сокку уруп жатышат.