Иптаровдун сөөгү Бишкек шаарында жерге берилет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, белгилүү педагог Сабыр Иптаров 4-октябрда 58 жашында кан басымы оорусунан улам дүйнө салган.
Сабыр Иптаров "Этнопедагогикалык сөздүк" жана башка эмгектердин, илимий, публицистикалык макалалардын автору. Ошондой эле бир катар окуу китептерди жазган жана көркөм чыгармаларды которгон.
Бишкек шаарынын эн белгисин тарткан Сабыр Иптаров Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги жана бир катар медалдар менен сыйланган. (ZMa)