Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Максат Дыйканов шаардык сотко доо арыз берди


Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылып, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүндү.Бул тууралуу анын жактоочусу Сумар Насиза билдирди. Анын айтымында Дыйкановду эки айга камоо тууралуу Октябрь райондук сот унун чечиминде негиз жок.

Октябрь райондук сотунун 27-июлдагы чечимине ылайык Максат Дыйканов УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган. Ага каршы Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Коррупция” беренелери боюнча кылмыш иш козголгон.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, Жалал-Абад облустук курулуш башкармалыгы 2010-2013-жылдары бюджеттеги 22 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз колдонгон. Анын 5 миллион сомун Дыйканов баштаган Транспорт жана Коммуникация министрлигинин жооптуу адамдары пара катары алып турган деп шектелүүдө. (UEz)

XS
SM
MD
LG