Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Чек ара боюнча кыргыз-өзбек эксперттери орток пикир таба элек


Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын эксперттери чек арадагы аныкталган тилкелер боюнча келишимдин долбоорун кароону улантууда.

Чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” кабарлагандай, кыргыз тарап макулдашылган чек аранын узундугу 1003 чакырым десе, өзбек тарап 701 чакырым деп жатат. Бул айырмачылык боюнча орток пикир табылбай турат.

Жолугушуу 15-июлда башталган. Жогорудагы маселе чечимин тапса, тараптар бүгүн кечинде акыркы корутундуну чыгарат.

Кыргызстан Өзбекстандын Анжиян, Фергана жана Наманган облустары менен чектешет. Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым, анын 1007ү такталган. Калган бөлүгүн тактоо уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG