Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Жалал-Абадда жарым жылда 57 киши жол кырсыгынан мерт кетти


Облус аймагында жыл башынан бери 325 жол кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырганда 75ке көбөйгөнүн Жол кайгуул кызматынын облустук бөлүмүнүн башчысы Кудайберди Мусалиев билдирди. 57 адам каза таап, 538и ар кандай жараат алган.

Жол кайгуулчулар 49 жолу атайын рейд уюштуруп, 7490 жол эрежесин бузуу фактысын каттаган. 307 айдоочу мас абалында унаа айдап жүргөнү аныкталган.

Жалал-Абад облусу боюнча 16 122 чакырым аралыктагы автожолду 65 кызматкер көзөмөлдөйт. Анын 380и жол кырсыгы арбын катталган Ош - Бишкек жолунда. (RsK)

XS
SM
MD
LG