Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
10-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы Тамдык аймагында эки өлкөнүн чек арачыларынын куралдуу кагылышуусунан кийин абал чыңалган бойдон турат. Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух анклавына жолдор жабылган. Кыргыз-тажик чегиндеги башка өткөрмө бекеттери күнүмдүк тартипте иштеп жатышат. Аймактагы абалды жөнгө салуу максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.