Бешимов: Жолдун курулушу уланат
Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Баткендеги Тамдык аймагындагы чырдын чыгышына тажик тарап кызыкдар болушу мүмкүн. Себеби, мунун айынан Баткендеги Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жана Ворух-Исфара жолдорун куруу боюнча сүйлөшүү үзгүлтүккө учурады.