Дүйнөдө жаңгактын сейрек токою саналган Арстанбапты сактоо үчүн түшүндүрүү иши натыйжасыз болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жалал-Абад облусундагы экологиялык “Лесик-түштүк” уюмунун эксперти Нурмамат Сапарбаев билдирди.
Учурда Арстанбап токой чарбасынын айланасында 18 500 адам жашайт. 1980-жылы анда 3 000 адам болгон. 2009-жылы германиялык студенттер өткөргөн изилдөөдө жазылгандай, арстанбаптык ар бир үй-бүлө жылына 15-20 чарчы метр отунду токойдон алып жагат. Мындай мамиле токойлордун суюлуп, 10-20 жылдан кийин жок болушуна алып келээрин Нурмамат Сапарбаев айтууда.
2012-жылы өкмөттүн буйругу менен Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр токой чарбаларынын базасында Дашман коругу түзүлгөн. Бирок анда сексенинчи жылдары жаңгак жана башка дарактардан күндүн көзү көрүнгүс болсо, алар кыркыла берип, азыр улак чаап ойногудай жайдак аянттар пайда болду.(YA)