Бүгүн Орозо айттын урматына Бишкектеги Спорт ордосунда адал продукциялардын жармаңкеси өтүүдө. Аны Муфтият алдындагы Адал индустриясын өнүктүрүү борбору уюштуруп жатат. Анда аталган борбор тарабынан атайын сертификатка ээ болгон тамак-аш, сулуулук буюмдары коюлду. Жармаңкеге 30дан ашык ишкана өз продукцияларын алып чыкты.(BkA)