Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Кыргызстанда “Инвестторгбанктын” бөлүмү ачылат


Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев орусиялык “Инвестторгбанк” банкынын деректирлер кеңешинин төрагасы Владимир Гудков менен жолукту. Анда Кыргызстанда аталган банктын бөлүмүн ачуу, инвестиция салуу тууралуу сөз болду.

Сатыбалдиев орусиялык банктын өкүлүн айрыкча айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм жана кызмат көрсөтүү тармагына көңүл бурууга чакырды. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, тараптар жакынкы күндөрү кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюуну макулдашты.

“Инвестторгбанк” 1994-жылы түзүлгөн. Бул коммерциялык банк Москва өкмөтүнүн өнөктөшү болуп эсептелет. (EBM)

XS
SM
MD
LG