Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Велоспортчу Армстронг чемпиондук наамдарынан айрылды


Лэнс Армстронг Tour de France веложарышында уткан жети титулунан айрылды.
Лэнс Армстронг Tour de France веложарышында уткан жети титулунан айрылды.
Велосипедчилердин эл аралык бирикмеси кызытма (допинг) колдонгону аныкталгандан кийин атактуу велоспортчу Лэнс Армстронг Tour de France веложарышында уткан жети титулунан айрылганын расмий билдирди. Аталган бирикменин жетекчилиги “мындан ары Армстронг үчүн велоспортто орун жок” экенин айтты. Велоспортчу бул наамдарды 1999-2005-жылдары багындырып дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон эле. Буга чейин АКШнын кызытмага каршы атайын агенттиги Армстронгдун окуясы боюнча кенен отчет жарыялап, анда велоспортчу “шумдуктуу жана ийгиликтүү” кызытма ойлоп тапканын белгилеген. Мурдагы велоспортчу тагылган айыптарды четке каккан, бирок өзүн коргоп чыккан эмес.

Армстронг Livestrong кайрымдуулук корунун башчылыгынан да кызматтан кетти. Кызытма чуусунан кийин андан көптөгөн компаниялар жарнамалык келишимдерин токтотушкан.

XS
SM
MD
LG