Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Армияда акча төлөп, бир ай кызмат өтөө түрү жоюлду


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө” мыйзамды өзгөртүп-толуктоо тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, армияга чакырылчу уландардын жашынын чеги 25тен 27ге ылдыйлады. Бир ай мобилизациялык резервде кызмат өтөө түрү өзүн актаган жок деген негизде жоюулду. Мыйзамга ылайык, армияда же альтернативдик кызматта өтөбөгөндөрдөн түшкөн каражаттын 20 пайызы Мамлекеттик чек ара кызматына которулуп турат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мобилизациялык резерв түзүү 2009-жылы сентябрда мурунку президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен башталган. Армияда 12 миң сом төлөп, бир ай кызмат өтөгөндөн кийин аскердик билет алуу ыкмасы боюнча бир топ сындар айтылып жаткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG