Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Ошто "Ынтымак" долбоору жыйынтыкталды


Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өспүрүмдөрдүн арасында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында "Кубанычтын чебери" коомдук фонду тарабынан уюуштурулган "Ынтымак" долбоору жыйынтыкталды.

Бул тууралуу аталган фонддун кенешчиси Гүлназ Көлсариева "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, долбоордун алкагында атайын театралдык иш-чаралар уюштурулуп, эки облустагы 111 мектепте акысыз көрсөтүлдү.

"Улуттар аралык ынтымакка чакыруу идеясын камтыган “Ынтымак” аттуу спектаклди Оштогу Бабур атындагы театрдын артисттери жазып беришти. Кыргыз жана өзбек улутундагы студенттерден куралган актерлор аны жер-жерлерде окуучуларга тартуулашты",- дейт Гүлназ Көлсариева.

Аталган долбоор ушул жылдын март айында Эл аралык миграция уюму жана Жапон элчилигинин каржылык колдоосу менен башталган. Долбоордун алкагында 900гө жакын адамга чыр чатактарды алдын алуу жаатында атайын адистер түшүндүрмө иштерди да жүргүзүштү.

Былтыр Ош менен Жалал-Абадда улут аралык коогада 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG