Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

БШК кол тамгаларды бүгүн санап бүтүүгө тийиш


Президенттик жарыштан четтетилип, соттон утуп чыккан сегиз адамдын кол топтоо баракчалары бүгүн толук саналып бүтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайком мүчөсү Нурмамат Ашымов билдирди. Маалыматка ылайык, ушул тапта жети адамдын баракчалары каралып бүттү. Алардын жыйынтыгы тууралуу БШК кечке жуук маалымат бериши мүмкүн.

БШК президенттикке катышууну каалаган тогуз адамды 30 миңге жете турган анык кол топтой алган эмес деген негизде каттоодон баш тарткан. Бирок жарыштан чыккандар сотко кайрылып, Бишкектеги Биринчи май райондук соту менен Жогорку Сот алардын пайдасына чечим чыгарган.

Жогорку Кеңеш да бул адамдарды колдоп, алардын шайлоого катышуу укугун калыбына келтирүү тапшырмасын бергени менен БШК алардын кол тамгаларын кайрадан текшерүүнү чечкен.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. Учурда 19 талапкер үгүт иштерин жүргүзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG