Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

АКШ Мамкатчысы Тегеранды Дамаскты колдоодо деп айыптады


Сириялык аскерлер Жиср аш-Шүгүрдү кайтарып алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00
Түз линк

Сириялык аскерлер Жиср аш-Шүгүрдү кайтарып алды. AP тасмасы. 14.6.2011.


АКШ Мамлекеттик катчысы Иранды Сириядагы элдик чыгуларды басууга расмий Дамаскка колдоо көргөзүп жатат деп айыптады.

Хиллари Клинтон өз билдирүүсүндө Сирия бийликтеринин демократияны жактаган демонстранттарга каршы аракетин “заардуу чабуул” деп атаган. Ал Сириядагы кырдаалды Иранда эки жыл мурда орун алган окуяларга салыштырды. Анда Иран бийликтери президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык иш-аракеттерин күч менен баскан эле. Азыр Тегеран расмий Дамаскка кандай жардам көргөзүп жатканы билдирүүдө так айтылган жок.

Мурдараак Иран бийликтери Батышты Ливиянын оппозициясын колдоп, козголоңго көмөктөшүп жатат деп айыптаган. Сириядагы адам укугун коргоочулардын маалыматына караганда, өлкөдө элдик толкундоолор башталган март айынын ортосунан бери 1400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Бул аралыкта Сириянын армиясы Идлиб вилайетинде аскердик иш-чарасын улантып жатканы маалымдалды.

Укук коргоочулардын айтымында, армиянын танктары бүгүн аталган вилайеттин президент Башар ал-Асаддын режимине каршы ири демонстрациялар өтүп жаткан Маарат ан-Нааман шаарчасынын чет жакасына кирип келишти. Ага чейин армия жергиликтүү эл толкуган Жиср аш-Шүгүр шаарчасына дем алыш күндөрү көзөмөл орноткон эле. Активисттердин ырастоосунда, бүгүн армия аталган шаардын айланасындагы кыштактардагы иш-чара учурунда кеминде алты кишини мерт кылган. Сирия армиясы өлкөнүн түндүгүндө Идлиб вилайетиндеги аскердик иш-чарасын коопсуздук күчтөрүнүн 120дай өкүлү бийликтер “куралдуу топ” деп атаган адамдар тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин баштаган. Бирок Сирия оппозициясы коопсуздук күчтөрүнүн ал 120 өкүлү кызмат кылуудан баш тарткандан кийин армиядагы жоокерлер тарабынан эле жок кылынган деп билдирүүдө.

Бул аралыкта БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Аргентинада жүргөн жеринен Сириянын өкмөтүнүн өз элине каршы жасаган аракеттерин “үрөй учурарлык” деп атады. Түркиянын Анадолу кабар агенттигинин маалыматына караганда, Сириядагы соңку зомбулуктардан улам 7 миңдей киши Түркияга качып келди.

XS
SM
MD
LG