Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Кургак учукка каршы бир айлык өтө баштады


Март айы бою Кыргызстанда кургак учукка каршы иш-чаралардын бир айлыгы өткөрүлөт. Тиешелүү медициналык мекемелерде аптасына эки жолу “ачык эшик күндөрү” уюштурулуп, калкка түшүндүрүү, маалымат-кеңеш берүү жүргүзүлөт.

Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгери Толгонай Аманбаеванын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, советтик мезгил учурунда бул ооруну ооздуктоо аракеттери жакшы натыйжасын бере баштаган. Бирок соңку 20 жыл ичинде кургак учук кайрадан күч алып, акыркы беш жылдан бери гана кырдаал бир аз турукташып келатат, деп билдирди дарыгер.

Толгонай Аманбаеванын айтымында, Бишкекте жыл сайын миңге жакын адам бул ооруга чалдыгып жатат. Ал эми өнөкөткө айланып кеткен оорусу барлардын саны 2009-жылы 42 адам болсо, былтыр 37 адам каттоодо турду. Кургак учуктан каза болгондордун саны мурдагы жылы жүз миң адамдын арасынан 12си болсо, былтыр жүз миң адамдын ичинен ону каза болгон.

1882-жылдын 24-мартында немис окумуштуусу Роберт Кох кургак учуктун себебин аныктаган.

XS
SM
MD
LG