Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Ата-Бейитте 7-апрель курмандыктары эскерилди


Бишкектин жогору жагында жайгашкан Ата-Бейит мемориалдык комплексинде 7-апрель күнү өкмөт үйүнүн алдында окко учкан жарандарды эскерүү иш-чарасы өттү. Ага президент Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрү, саясий жана коомдук ишмерлер, депутаттар, 7-апрелде окко учкандардын жакындары жана жаракат алгандар катышты. Окуя болуп аткан жерден “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, иш чара башында маркумдарга багышталып куран окутулуп, президент баштаган айрым бийлик өкүлдөрү, “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” кыймылынын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Эми түштөн кийин Бишкекте ошол 7-апрель окуясына катышкандарды сыйлоо аземи болмокчу. Улуттук филармонияда өтө турчу аземде “Апрель элдик революциясынын төш белгиси” тапшырылмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG