Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Түштүктөгү окуу жайларды миңдеген студенттер таштап кетүүдө


Булардын көпчүлүгү Ош жана Жалал-Абат шаарларындагы жогорку окуу жайларынан башка окуу жайларга которулуп кетишти. Ош мамлекеттик университетинен башка окуу жайларга которулган студенттердин саны 3 145, ал эми Кыргыз-өзбек университетинен 252, юридикалык институттун күндүзгү бөлүмүнөн 205, сырттан окуу бөлүмүнөн 108 студент башка жактагы окуу жайларына которулуп кеткен. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Ош технологиялык университетинин күндүзгү бөлүмүнөн 342, ал эми сырттан окуу бөлүмүнөн 294 студент окуудан баш тартышкан. Булардын көпчүлүгү Өзбекстандан жана Түркмөнстандан келип окуган улан-кыздар. Студенттердин окуудан баш тартуусуна июнь коогалаңынын кесепеттери жана андан жабыркаган студенттердин окуу үчүн акы төлөй албай калганы себеп болууда, деп билдирет билим берүү жана илим министрлиги.(ZKo)

XS
SM
MD
LG