Бул ирет Эл аралык космос станциясынан Жерге эки орусиялык жана бир америкалык кайтып келмек. Орусиянын космос агенттиги алардын кайтуу мөөнөтүнүн кеминде бир күнгө кечиктирилүүсүн техникалык себептер менен түшүндүрүүдө. Башкача айтканда америкалык бир астронавт менен орусиялык эки космонавтты Жерге алып келүүчү “Союз” кемесинин Эл аралык космос станциясынан ажыроосунда проблемалар чыккан. Эгер ошол проблемалар жөнгө салынса, кеме Казакстандын аймагына 25-сентябрда келип түшөт. Орусиялык Александр Сквортцов, Михаил Корниенко жана америкалык Трейси Колуэлл Дайсон Эл аралык космос станциясында быйыл апрелден бери иштеп, көбүнесе илимий тажрыйбаларды жүргүзүштү.